Кыргызстанда өсүмдүк майына болгон баа 5,5 пайызга жогорулады

14 апреля 2022, 17:27

Кыргызстанда март айынан бери өсүмдүк майына болгон баа 5,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, март айынын башында майдын баасы бир литри 157 сом 6 тыйынды түзсө, 12-апрелге карата 166 сом 3 тыйынды түзгөн.

Баанын өсүү себептери:

  • Чет элдик валюталардын курсунун жогорулашы;
  • Өлкө импортко көз каранды (Орусия жана Казакстандан импорттолуп келет);
  • Товарды импорт кылган өлкөлөрдөгү дүң баалардын жогорулашы;
  • Жеткирүүчү өлкөлөрдүн импорттук товарга чектөө киргизиши;
  • Логистиканын кымбатташы;
  • Агенттиктен билдиришкендей, өлкөдө өсүмдүк майынын запасы жетиштүү.