Сот, аскер, медицина, маданият кызматкерлеринин айлыгы жогорулады

31 января 2022, 09:40

Кыргызстанда былтыр соттордун айлыгы орто эсеп менен 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин жогорулады. Аскер кызматкерлериники орточо алганда 21 миң сомдон 28 миң сомго, медицина кызматкерлериники 8 миң сомдон 13 миң сомго чейин, ал эми маданият кызматкерлериники 7 миң сомдон, 11 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу маалымат Каржы министрлигинин сайтына жайгаштырылды.

Белгилүү болгондой, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү үчүн бюджеттен кошумча 3,8 миллиард сом бөлүнгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы республикада орточо эмгек акы 19 миң 586 сомду түзгөн.