Кыргызстанда өткөн жылы 429 миң тонна эт өндүрүлдү

18 января 2022, 17:46

Айыл чарба министрлиги 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, өткөн жылы республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 428,9 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлгөн. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 8391 тоннага, же 2 пайызга көбүрөөк.

Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу болууда.