Кыргызстанда төлөнбөгөн алименттердин суммасы 10 млрд сомдон ашты

22 февраля 2024, 15:00

Кыргызстанда төлөнбөгөн алименттердин жалпы суммасы 10 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинен билдиришти. 

Белгиленгендей, 2023-жылы Кыргызстанда балдарына алиментти атасы же энеси төлөбөй жатканын айтып, сотко арыздангандардын саны 41 миңден ашкан.  

Ал эми 2022-жылы мындай ата-энелердин саны 39 миң 655 адамды түзгөн. 2023-жылы алимент ала албай, арыз жазгандардын жалпы саны 41 миң 482 киши болгон. Алардын ичинен 3013 киши сотко жазган арызын кайра артка кайтарып алган.