Кыргызстанда төрт ири ирригациялык система калыбына келтирилет

13 сентября 2023, 10:30

Кыргызстанда төрт ири ирригациялык система калыбына келтирилет.

Суу ресурстары мамлекеттик кызматы билдиргендей, долбоордун алкагында Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы каналдар реконструкцияланат.

Долбоорго Азиялык өнүктүрүү банкы тарабынан 43,5 миллион доллар бөлүнгөн.