Кыргызстанда унду экспорттоого тыюу салуу сунушталды

20 сентября 2023, 12:15

Кыргызстанда буудай, меслин жана буудай унун Евразия экономикалык биримдигинин аймагынан сыртка ташууга убактылуу тыюу салуу сунушталды.

Айыл чарба министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, чектөө алты айга киргизилет.

Бул азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана унга болгон бааны турукташтырууга байланыштуу. Чектөөлөр реэкспорт, транзит жана гуманитардык жүккө тиешелүү болбойт.

Белгилеп кетсек, соңку учурда Кыргызстанда ундун баасы кымбаттап жатат.