Кыргызстанда ундун баасы туруктуу экени кабарланды

28 сентября 2023, 11:50

Кыргызстанда биринчи сорттогу ундун баасы туруктуу, сатып алуучулар арасында ажиотаж жок. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов билдирди.

Анын айтымында, атамекендик өндүрүштүн биринчи сорттогу бир кап уну 1 миң 500 сомду түзөт.

Чиновник ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана унга рыноктук бааны турукташтыруу максатында ун жана буудайды өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынганын эске салды.