Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу

30 января 2024, 11:45

Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери доллардын сомго карата расмий курсу 0,26%га өстү. Бул аралыкта интервенция жүргүзүлгөн жок жана ага зарылчылык болгон эмес.

Ал эми былтыр валюта рыногундагы абалдын кескин өзгөрүшүн алдын алуу максатында жалпысынан 14 жолу интервенция жасалып, 655 млн доллар сатылган.