Кыргызстанда жүк ташуунун көлөмү 5,8%га өстү
2024-жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанда транспорттун бардык түрлөрү менен 7,773 млн тоннадан ашык жүк ташылды. Бул тууралуу "Логистан" телеграм каналы Улуттук статистика комитетине таянып билдирди.
Бул 2023-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу дээрлик 0,362 млн тоннага же 4,9%га көп.
Анын ичинде ташылган жүктөр:
- автомобиль транспорту менен - болжол менен 6,298 млн тонна (+5,8%)
- темир жол менен - 1,358 млн тонна (+0,6%)
- куурлар аркылуу - 0,117 млн тонна (+8,5%)
- аба аркылуу - 0,001 млн тоннадан аз жүк ташылган.