Кыргызстанда жумушсуздардын эң көбү Баткенде

11 февраля 2022, 14:50

Жыл башынан бери экономикалык активдүү калктын саны 2 миллион 595,4 миң адамды түзгөн өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли 2,9 пайызды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Расмий жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Баткен (5,5 пайыз) жана Жалал-Абад (5 пайыз) облустарында белгиленген. Эң төмөнкү деңгээл Бишкек шаарында (1,2 пайыз) жана Чүй облусунда (1,5 пайыз).

2021-жылы 76 миң адам расмий жумушсуз статусуна ээ болгон. Жумушсуздукту азайтуу максатында Бишкек, Ош, Нарын жана Каракол шаарларында кесипке багыт берүүчү борборлор ачылган.