Кыргызстандагы медициналык университеттер Пакистандын кара тизмесине киргизилди

29 октября 2020, 12:34

Кыргызстандагы медициналык университеттер Пакистандын кара тизмесине киргизилген. Буга Пакистандын жарандарынын бүтүрүүчүлөрүнүн 90% Пакистандын Медициналык Кеңешиндеги милдеттүү сынактан өтө албай жаткандыгы себеп болгон. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик Кыргызстандагы медициналык университеттердин дипломдору университеттер эл аралык аккредитациядан өтпөгөндүгүнө байланыштуу Пакистанда таанылбай жаткандыгын белгилейт.

Билим берүү министрлиги университеттердин ишине лицензиялык көзөмөлдү күчөтүүнү көздөп жатат. Аталган министрлик Пакистанга кара тизмени кайра карап чыгып, айрым университеттерди тизмеден чыгарууну сунуш кылат. Мындан тышкары, Пакистан тараптан атайын комиссия чакырылып, университеттер көрсөткөн кызматтарга баа берилет.