Чакан ГЭСтерди модернизациялоону ЕРӨБ каржылашы күтүлүүдө

21 апреля 2022, 13:20

“Чакан ГЭС” ачык акционердик коомун модернизациялоо Финансы министрлиги, Энергетика министрлиги, Улуттук энергохолдинг компаниясы, “Чакан ГЭС” ААК жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен алдын ала каржылоо макулдашылды. Бул тууралуу “Чакан ГЭСтен” тастыкташты.

Долбоордун алкагында “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун курамындагы гидроэлектростанцияларды: Лебединовка ГЭСи, ГЭС-1, ГЭС-2 жана кичи Аламедин ГЭСин модернизациялоо макулдашылган. Ошону менен бирге, макулдашуунун алкагында техникалык-экономикалык негиздеме түзүү каралган.

Долбоорго Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан болжолдуу түрдө донордук каржылоону же АКШ долларынын эквивалентин кошкондо 18,5 миллион еврого чейин инвестиция күтүлүүдө. Анын ичинде, болжол менен жеңилдетилген насыя грант катарында 6,5 млн еврого чейин, модернизациялоо жана долбоорду ишке ашыруу боюнча иштер 12,0 млн евро чейин бааланууда. Мында, 6,5 млн еврого чейин жеңилдетилген насыя грант катарында каржылоо жөнүндө макулдашуудан кийин так билинет. Тагыраак айтканда, долбоорду ишке ашырууга керектеле турган жогорудагы алдын ала каражат саны техникалык-экономикалык негиздеме деталдуу түзүлгөндөн кийин билинет жана каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлат.

Долбоордун мөөнөтү 15 жыл, 3 жыл жеңилдетилген мезгил, 12 жыл карыздын негизги өлчөмүн кайтаруу каралган.

Бул долбоордун алкагында жогоруда айтылган ГЭСтердин гидротехникалык курулмаларын, имараттарын реконструкциялоо (оңдоо/калыбына келтирүү) жана көмөкчү гидромеханикалык жабдууларын модернизациялоо, электр жабдууларын жана башкаруу жана коргоо чынжырларын алмаштырууну  иштери жургузулмөкчү.

Долбоордун негизги максаты гидроэлектростанциялардын ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу, эксплуатациялык чыгымдарды 50%га азайтуу, станциялардын пайдалануу мөөнөтүн 35-40 жылга узартуу, кубаттуулукту 3,2 МВтга көбөйтүү пландалган. Станциялардын суу агымын натыйжалуу пайдалануунун эсебинен электр энергиясын иштеп чыгуунун кошумча 20% өсүшү күтүлөт.