Кыргызстандан 20,6 млрд сомдук айыл чарба азыктары экспорттолду

27 октября 2023, 11:10

Жылдын сегиз айында Кыргызстандан 20 млрд 689 млн сомдук айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын продукциясы экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал эми ушул эле аралыкта айыл чарба азыктарынын импорту республиканын импортунун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 9,3 пайызды түздү.