Кыргызстандан 51 килограмм алтын чыгарып бараткан чет өлкөлүк кармалды

15 ноября 2023, 09:00

Кыргызстандан 51 килограмм алтын куйма чыгарып бараткан чет өлкөлүк кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Контрабандага шек саналган адам “Манас” эл аралык аэропортунда колго түшкөнү маалымдалды.

Мекеме чет элдик жеке ишкерлер алтын куймаларын аткезчилик жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушканын кошумчалады.