Кыргызстандан айрым айыл чарба продукцияларын чыгарууга тыюу салынды
Айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн сыртка алып чыгууга (экспорт) убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана базар бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынган.
Алты айлык мөөнөткө экспортко убактылуу тыюу салынган азык-түлүктөр (буга реэкспорт, транзиттик, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардам кошулбайт:
- ЕАЭБ аймагынан тыш буудай жана меслин, буудай уну, өсүмдүк майы, күнкарама уруктары, кумшекер, тооктун жумурткасы, инкубациялоо үчүн жумурткалар;
- Кыргызстандын аймагынан тыш бодо малдын эти (жаңы же муздатылган, тоңдурулган), тоют (чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан тоюту), арпа, сулуну экспорттоого тыюу салынды.