Кыргызстандан Белоруссияга ташылып бараткан 18,9 тонна тоок эти кайтарылды
Россельхознадзор Кыргызстандан Белоруссияга мыйзамсыз ташылып бара жаткан 19 тоннага жакын тоңдурулган тоок этин артка кайтарды. Бул тууралуу “Комсомольская правда” жазды.
Маалыматка ылайык, жүк Орусиянын мамлекеттик чек арасынын орус-казак тилкесинде, “Маштаково” жана “Орск-Автожол” өткөрүү пункттарынын жанында аныкталган.
“Мыйзам бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылды. Кармалган жүктүн баары артка кайтарылды.” - деп айтылат маалыматта.