Кыргызстандан чет өлкөгө акча которгондор азайды

12 января 2024, 14:53

Өткөн жылдын ноябрь айында жеке жактар ​​Кыргызстандан башка өлкөлөргө 28,3 млн доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Маалыматка ылайык, каражаттын негизги бөлүгү Орусияга жөнөтүлгөн, ал 25,3 млн долларды түзөт. 

Казакстанга 0,3 млн доллар жана КМШнын башка өлкөлөрүнө 0,4 млн доллар жөнөтүлгөн.
2023-жылдын ноябрь айында КМШдан тышкаркы өлкөлөргө акча которуу 2,2 млн долларды түздү. Анын 2 млн доллары Түркияга, 0,2 млн доллары башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн. 

2023-жылдын 11 айында Кыргызстандан акча которуулардын көлөмү 423,98 млн долларды түздү, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 61%га аз.