Кыргызстандан Казакстанга болгон акча которуулар 14.2 пайызга өскөн

29 июля 2020, 12:00

Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстандан Казакстанга болгон акча которуулар былтыркы жылга салыштырмалуу 14.2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу qazecconomy.kz порталы кабарлады.

Жалпысынан казактандыктар биринчи жарым жылдыкта чет жерден 128 млрд теңге (308.8 млн доллар) өлчөмүндөгү чет элдик которууларды алышкан, жана бул көрсөткүч 2016-жылдан берки эң начар көрсөткүч. Быйыл бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу дароо 26.2 пайызга кыскарган. Казакстан Республикасына келген чет элдик акча которуулардын дээрлик жарымы эки өлкөдөн гана келгендиги айтылууда.

Салттагыдай эле, алдыңкы орундарды Орусия менен Түштүк Корея ээлейт. Үчүнчү орунда Кыргызстан турат, анын которууларынын көлөмү 14.2 пайызга көбөйүп, 15.3 млрд теңге (36.9 млн долларга) жеткен.