1 млн даана бет капты контрабанда жолу менен сыртка ташыгандар аныкталды

29 февраля 2020, 09:00

Кыргызстандан 1 млн даана медициналык беткаптарын контрабанда аркылуу алып чыгуу аракети аныкталды. Бул тууралуу 28-февралда өткөн өлкөнүн аймагына коронавирустук инфекциясын киргизбөө жана жайылтпоо боюнча түзүлгөн Республикалык штабынын отурумунда маалым болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, партия кармалган.

Эске сала кетсек, азыркы учурда Кыргызстанда медициналык беткаптарын сыртка алып чыгууга тыюу салынган.