Кыргызстандык 113 ишкана өз продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө  экспорттой алат

10 февраля 2020, 17:00

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарына өз продукциясын чыгара алган ишканалардын реестрине 113 ата мекендик ишкана кирди.

Реестрге кирген ишканалардын басымдуу бөлүгү бал чогултууну жана реализацияны ишке ашырат. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугунун мамлекеттик инспекциясы билдирди.

ЕАЭБдин реестрине ишмердүүлүгүнүн түрү боюнча киргизилген КР ишканалары:

Бал чогултуу жана реализациялоо- 27 пайыз;

Сүт продукциясын өндүрүү- 23 пайыз;

Балык иштетүү өндүрүшү-20 пайыз;

Эт азыктарын чыгаруу- 13 пайыз;

Калганы- 16 пайыз.

Евразиялык экономикалык биримдигинин аккредитацияланган баалоочу органдарынын реестрине 37 аккредитацияланган сыноочу лабораториясы кирген, алардын ичинен 26-мамлекеттик, ал эми 11- менчик.

«Евразия экономикалык биримдигинин кабыл алынган 48 техникалык регламенттеринен сертификациялоо органдары 25 техникалык регламенти боюнча аккредитацияланды. Андан сырткары, Бишкек жана Ош шаарларында 1 ветеринардык жана 1 фитосанитардык лабораториясы аккредитацияланды» - деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.