Кыргызстандык мигранттар 31,8 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акыларын алышты

5 января 2024, 14:50

Ошондой эле, 9 миң 289дан ашуун кыргызстандыктар Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча консультация алышкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2023-жылы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү 465 эмгек мигрантына эмгек акы алууда жардам көрсөттү. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 31,8 млн рублди түздү.

Ошондой эле, 9 миң 289дан ашуун кыргызстандыктар Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча консультация алышкан.