Кыргызстандык жаран чек арадан мыйзамсыз 60 миң$ алып чыгууга аракет кылган

11 мая 2023, 17:26

Кыргызстандан Өзбекстанга 59 миң 100 доллар мыйзамсыз алып кетүүгө аракет кылынган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 11-майда “Достук-автожол” бекетинде Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан Э.А. аттуу жаран (1994-жылы туулган) кармалган. Чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда жарандын баштыгынан 59 миң 100 доллар табылган.

Жогорудагы жаран акчасын декларацияда көрсөтпөстөн, өлкөнүн бажы мыйзамдарын кыйгап өтүү менен чет элдик валютаны алып өтүүгө аракет кылган.

Учурда аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча тергөө иштери жүрүүдө.