Кыргызстандыктар бир айдын ичинде Россияга 35.8 млн $ которушкан

18 марта 2020, 10:10

Кыргызстандыктар Россия Федерациясына бир айдын ичинде 35.8 млн $ каражат которушкан. Бул маалыматты республиканын Улуттук банкы билдирди. 

Каражаттын биргелешкен агымы - 35.9 млн $ түзгөн, 99.7% кыргызстандыктар Россияга акча которушкан, 100 миң $ - алыскы чет өлкөгө которулган каражат. 

Белгилей кетсек, мигранттардан которулган каражаттын көлөмү өткөн жылдын ушул маалында 148.5 млн $ түзгөн.