Кыргызстандыктар үчүн Казакстанда жүрүү эрежелери өзгөртүлдү

2 октября 2023, 12:30

Кыргызстандыктар үчүн Казакстанда жүрүү эрежелери өзгөртүлдү. Алмата шаарындагы биздин өлкөнүн генералдык консулдугунан билдиришкендей, мурда чек араны өтүүдө кыргызстандык жаран Казакстанда жүрүү эрежесин бузганы аныкталса, ага кирүүгө уруксат берилген эмес.

Эми уруксат берилген 90 күндөн ашык жүрсө дагы, кыргызстандыктар Казакстан аймагына киргизилет.

Мындай тартип ушул жылдын 9-октябрынан тарта 2024-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө болот.