Кыргызстандыктар орус-беларусь чек арасынан бир гана тилкеден өтө алат

16 января 2024, 11:22

Орусия менен Беларустун чек арасында ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн келген жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Орусиянын Чек ара кызматы билдирди. 

Ага ылайык, эми Казакстан, Кыргызстан жана Армениянын жүк ташуучу унааларына Орусия-Беларусь чек арасынан “Езерище - Лобок” чек арасынан гана өтүүгө уруксат берилди.

Чектөөлөр канча убакытка чейин киргизилгени айтылган жок.