Кыргызстандыктардын саны дээрлик 7,2 млн адамды түздү

25 апреля 2024, 15:20

Кыргызстандын калкынын саны дээрлик 7,2 млн адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Документте Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2024-жылдын 1-мартына карата 7 млн 181 миң адамды түзгөнү айтылат.

Калктын табигый өсүшү 17,4 миң адамды же 1000 калктын 14,8ин түздү (2023-жылдын январь-февралында 14,9).