Кыргызстандын бюджетинде бизнести колдоого 14 млрд сом жок

29 октября 2020, 17:12

Учурда Кыргызстандын бюджетинде ишкерликти колдоо үчүн мындан ары каражат каралган эмес. Бул тууралуу Финансы министри Кыялбек Мукашев бүгүн, 29-октябрда Өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 14 миллиард сомдун 2,6 миллиард сомун министрлик бөлүп берди.

 «Калган 11 миллиард сомду убада кылынгандай донорлор каржылашы керек болчу. Азыр ушул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. 11 миллиард сом болбосо дагы, жылдын аягына чейин 7-8 миллиард сом табууга аракет кылабыз», - деди Мукашев.

Эскерте кетсек, буга чейин экс-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт ишкерликке насыя берүүгө 14 миллиард сом бөлгөнүн жарыялаган болчу.