Кыргызстандын экономикасы ушул жылы 7 пайызга өсүшү мүмкүн

17 мая 2023, 13:30

Кыргызстандын экономикасы ушул жылы 7 пайызга өсүшү мүмкүн. Мындай божомолду Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы жасады.

Жакшы жыйынтыктын негизги факторлору катары Орусиядагы мигранттарга болгон суроо-талап, россиялык капиталдын Кыргызстанга келиши, ортомчулук сооданын өнүгүшү жана салык администрациясынын жакшырышы аталат.

Ошондой эле европалык банктан белгилешкендей, ири энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго салынган инвестициялар ички дүң өндүрүмдү өнүктүрөт.