Кыргызстандын эл аралык резервдери 7,77 млн долларга көбөйгөн

7 февраля 2020, 18:00

Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 2020-жылдын январы ичинде 2 млрд 431,88 млн долларды түзүп, 2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 7,77 млн долларга көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Белгилей кетсек, эл аралык резервдердин курамына алтын активдери, атайын карыз алуу укуктары жана чет элдик валюталардын портфели кирет.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын эл аралык резервдеринин 2019-жылдын декабрынын аягына карта көлөмү 2 млрд 424,1 млн долларды түзүп, жыл башынан бери 12,5 пайызга көбөйгөн.