Кыргызстандын китеп фондусундагы китептер 19,4 млн нускадан ашты

26 февраля 2024, 15:05

Кыргызстандын китеп фондусу 19 млн 485 миң 725 нусканы түзөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында бөлүм башчы Алтынбек Максүтов билдирди. 

Анын айтымында, 2023-жылы фонд 64 миң 895 нускага толукталган.

“Окурмандардын саны 1 млрд 223 миң 191 адамды түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18 миң 23 адамга көп”, - деди ал.