Кыргызстандын мектептеринде 900дөн ашуун мугалим жетишсиз

7 февраля 2022, 09:15

Быйылкы жылдын январына карата республиканын мектептеринде 929 мугалим жетишсиз. Билим берүү министрлигинен маалым болгондой, алардын эң көбү же 305 мугалим Чүй облусундагы мектептерде тартыш.

Ал эми Бишкекте – 191, Баткен облусунда – 142, Ош облусунда – 112, Ысык-Көл облусунда – 78, Жалал-Абад облусунда – 60, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 12, Ош шаарында – 9 мугалим жетишсиз.

Бишкек шаарында математика мугалимине көбүрөөк суроо-талап бар, башкача айтканда, 24 киши керек. Баткен облусунда көбүнчө музыка мугалимдери жетишсиз же 37 музыка мугалими керек, Жалал-Абад облусунда – 16 орус тили мугалими, Нарын облусунда – 6 физика мугалими, Ош облусунда – 19 музыка мугалими, Чуй облусунда – 42 орус тили мугалими, Ысык-Көл облусунда – 14 орус тили мугалими тартыш.

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө республикада 82 миңден ашуун мектеп мугалими бар.