Кыргызстандын төө бурчагы эң көп Түркияга экспорттолууда

16 октября 2023, 16:28

Быйыл сентябрь айында Айыл чарба министрлиги Ирандын Айыл чарба жихадынын өсүмдүктөрдү коргоо уюмунан расмий билдирүү алган. Бул документке ылайык, Кыргызстандан Иранга экспорттолгон төө буурчак түрлөрү – кызыл, ак жана пинто. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Иран Кыргызстандын төө бурчагын карантиндик фитосанитардык коркунучу төмөн товарлардын тизмесине киргизген.

Төө буурчактын жогорудагы түрлөрүн экспорттоо үчүн эми Кыргызстандык фирмалар фитосанитардык сертификат тапшырышы керек.

Белгиленгендей, 2023-жылдын тогуз айында Кыргызстандан Иранга 5 миң 648 тонна төө буурчак экспорттолгон. Эл аралык рынокто төө буурчак Түркияга (8 миң 174,6 тонна), Орусияга (7 миң 794,3 тонна), Сербияга (3 миң 363,3 тонна), Грузияга (1 миң 441 тонна), Индияга (990 тонна) жана башкаларга жигердүү жеткирилген. Анын жалпы көлөмү 29 миң 258,5 тоннаны түздү.