Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 10,8 млрд долларды түздү
Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 10 млрд 800 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалым болду.
Белгиленгендей, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26 пайызга көп. Мында экспорттук жеткирүүлөр дээрлик 50 пайызга, ал эми импорттук түшүүлөр 21 пайызга көбөйгөн.