Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу

24 октября 2023, 11:45

Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн башкы каржы мекемеси тышкы жана ички кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп турат.

"Соңку учурда чет элдик валютага суроо-талаптын сунуштан ашып кеткени байкалууда. Бул сезондук факторго байланыштуу", - деди Карабаева.