Ж.Сарымсаков ойлоп табуучулук үчүн Евразия премиясы менен сыйланды
Техника илимдеринин кандидаты Жыргалбек Сарымсаковду көп жылдан берки ойлоп табуучулук жаатындагы эмгеги үчүн Евразия премиясы менен сыйлашты.
Анын илимий эмгектеринин басымдуу бөлүгү энергиянын кошумча булактарын иштеп чыгуу, электро-магниттик нурланууну практика жүзүндө колдонууга багытталган. Андан тышкары, Сарымсаков 12 эл аралык патенттин ээси жана электр тармагындагы 20дан ашуун изилдөөсү бар.
Сыйлык Нур-Султан шаарындагы өнөр-жай үлгүлөрүн коргоого багытталган конференцияда ыйгарылды.