Кыргызстанга бир катар товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду

4 апреля 2022, 17:11

Кыргызстанга ири көлөмдө мыйзамсыз товар алып киргендер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын кызматкерлери кыргыз-казак  чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрүү пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн бир катар товарларды ташып кирүүдө бузуу фактыларын аныкташты.

Атап айтканда, "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунда 20 тонна күн карама (үрөн) жана 65 баш жылкы ташып жаткан жүк ташуучу унаалар кармалган.

"Чалдовар" товарларды эсепке алуу пунктунда 20 тонна беде үрөнүн жана 9 куту бут кийим үчүн крем-майды ташып кирүүгө аракет кылышкан.

Импорттоочуларда товарды ташып кирүүгө уруксат берүүчү документтер болгон эмес.

Мыйзамга ылайык бузуулар боюнча материалдар андан аркы чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.