Кыргызстанга чет өлкөдөн акча которуулар кыскарды
Быйыл сентябрь айында мигранттар Кыргызстанга 174,4 млн доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл былтыркы жылдын сентябрь айына салыштырмалуу акча которуулар 1,6 эсеге, же 40%га кыскарган. Ошол учурда акча которуу системалары аркылуу өлкөгө 291,9 млн доллар келген.
Сентябрь айында түшкөн акчанын 91,6%ы Орусиядан келген, ал 159,8 млн долларды түзөт. Былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу бул көрсөткүч 42,5%га азайган. Ал эми КМШнын башка өлкөлөрүнөн 0,4 млн доллар которулган.