Бүгүн Кыргызстанга Еврокомиссиясынын вице-президенти келет

15 января 2024, 10:07

Бүгүн Еврокомиссиянын төрайымынын орун басары Маргаритис Схинас Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Евробиримдиктин Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландалууда.

Маргаритис Схинас өлкө президенти Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Тышкы иштер министрлигинин башчысы Жээнбек Кулубаев менен жолугушат.