Кыргызстанга импорттолуучу кумшекер менен өсүмдүк майы салыктан бошотулду

23 марта 2022, 13:40

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, өлкөгө импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн бүгүнкү кеңешмесинде белгилүү болду.

"Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 2022-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргызстанга импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленген", - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде 14 маселе каралды.