Кыргызстанга 2,7 млн сомдук мыйзамсыз товар алып кирүүгө аракет кылышкан
Кыргызстанга телефон аксессуарларын жана компьютердин тетиктерин мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылынган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, фактыны “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери аныкташкан. Товар Ю.Т ЖЧКнын дарегине келген. Документтерге ылайык, импорттолгон товарлар “айыл чарба техникаларынын тетиктери, айнек идиштер жана башка эмеректер” катары көрсөтүлгөн.
Келтирилген чыгым 2 млн 797 миң 768 сомду түздү.
Тиешелүү материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.