Кыргызстанга тартылган инвестициянын көлөмү 50% өстү

20 декабря 2023, 16:40

Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду кийинки жылы Кыргызстандагы долбоорлорду каржылай баштайт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйында билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2023-жыл аралыгында долбоорлорду ишке ашыруу жана ишке киргизүүгө багытталган каражат Улуттук банкка которулган. 

Муну менен катар министр өнүктүрүү фонддору аркылуу Кыргызстанга тартылган инвестициянын көлөмү 50%га өскөнүн белгиледи.

"Өткөн жылы Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду эле 60 млн доллар каржыласа, быйыл Финансы министрлигинин кепилдик институттарынын жана ири долбоорлордун аркасында инвестициянын көлөмү 150 млн доллардан ашты. Мындан тышкары, Кыргыз-орус жана Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонддору активдешип, Бириккен Араб Эмираттары менен да фонд түзүлдү", - деп кошумчалады Амангелдиев.