Кыргызстан 8,5 млн доллар насыя алат

24 мая 2021, 13:00

Профилдик комитет Кыргызстан менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо келишимин ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков мыйзам долбоору боюнча маалымат берди. Анын айтымында, каржылоо келишиминин негизинде Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы Кыргызстанга 0,75% үстөгү менен 8,5 млн доллар өлчөмүндө насыя жана 8,5 доллар өлчөмүндө грант түрүндө колдоо көрсөтөт. Насыянын мөөнөтү 38 жыл, анын ичинде 6 жылдык жеңилдетилген мөөнөт.