Кыргызстанга 70 миң тоннага чейин кумшекерди бажы төлөмүсүз ташып келүүгө уруксат берилди

20 декабря 2021, 15:29

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 2-декабрда ак кантка карата Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бул чечимге жараша Кыргызстандын аймагына 70 миң тонна өлчөмүндө ак кантты бажы төлөмүсүз ташып келүү каралган.

“Учурда “Азык-түлүк коопсуздугу боюнча чаралар жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты, анда кантты Кыргызстандын аймагына салымсыз ташып келүү көлөмүн бөлүштүрүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген”- деп билдирди министрликтегилер.

2022-жылдын январь айынын аягынан тарта кумшекерди алымсыз ташып келүү көлөмү арыз ээлери арасында бөлүштүрүлөт деп болжолдонууда.