Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктар 3,7 миң доллар пенсия алууда

11 августа 2023, 13:01

Расмий түрдө иштеген кыргызстандыктарга Түштүк Кореянын Улуттук пенсиялык кызматы пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн берүүдө. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Түштүк Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан бир жолку төлөм алуучулардын жалпы саны 80 адамды түзсө, анын ичинен 72 жаранга бир жолку төлөм төлөнүп берилген, 8 адам чечимди күтүүдө. 

Орточо бир жолку төлөм 3 676 долларды түзөт.