Кыргызтелеком жабдыктарды сатып алууга 13 млн 382 миң сом сарптайт
«Кыргызтелеком» ААК телекоммуникациялык жабдыктарын (GPON) сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталынын материалдарында айтылат.
Тендердик документацияга ылайык, жабдыктарга 13 млн 382 миң 227 сом коротуу пландалууда:
-№1-лот- GPON жабдыгы (мониторинг) – 917 миң сом;
№2-лот- GPON жабдыгы (шлюз)- 350 миң сом;
№3-лот-GPON жабдыгы (А-В-С чекити)- 12 млн 115 миң 227 сом;
Сатып алуунун методу- бир этаптуу;
Сынакка билдирүүлөрдү тапшыруу мөөнөтү- 2020-жылдын 6-марты;
Билдирүүнүн жаряланган күнү 2020-жылдын 21-февралы.