«Кыргызтелеком» башкармалыктын курамында өзгөрүүлөр болгонун билдирди

5 ноября 2021, 10:28

“Кыргызтелекомдун” башкармалыгынын курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржанын сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, ушул жылдын 27-октябрындагы директорлор кеңешинин чечими менен ачык акционердик коомдун директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү болуп Нургазы Сатимкулов шайланды.

Директорлор кеңешинин курамында мурда да өзгөрүүлөр болгон. Компаниядан билдиришкендей, директорлор кеңешинин 12-октябрдагы чечиминин негизинде директорлор кеңешинин төрагасы Алмаз Исанов башка кызматка дайындалганына байланыштуу ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. 

Канатбек Аскаров бош турган кызматка 19-октябрда шайланган.