«Кыргызтелеком» 50,1 миллион сомго телекоммуникациялык жабдууларды сатып алат

20 апреля 2021, 10:07

"Кыргызтелеком" телекоммуникациялык жабдууларды сатып алууну көздөп жатат. Тендер мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.

Мамлекеттик компания жабдууларды сатып алууга 33,4 миллион сом жумшоону пландоодо. Мындан тышкары, алар кабелди сатып алууга 16,7 миллион сом жумшай турганы айтылат.