«Кыргызжылуулукэнерго» келерки кышка чейин 30 отказанды жаңылайт

29 февраля 2024, 09:20

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы 2024-2025 жылдардын күз-кыш мезгилине чейин аймактардагы филиалдарында 30 даана отказанды жаңылоо жумуштарын баштады.

Энергетика министрлиги билдиргендей, ар кандай кубаттулуктагы 24 даана отказанды “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” жасап, жеткирет. Калган 6 даана отказан Россиядан сатып алынат.

Эске салсак, былтыр 33 отказан жаңыланган.