«Кыргыз Петролеум Компани» чийки мунайды 26 млн сомго сатып алат

29 апреля 2021, 14:10

"Кыргыз Петролеум Компани" чийки мунайды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 26 миллион 729 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, баага чийки мунайды Жалал-Абадга жеткирүү камтылган.

Маалыматта товар келишим түзүлгөн күндөн тартып 20 күндүн ичинде жеткирилиши керектиги айтылат.