KyrSEFF энергоэффективдүү технологияларды жайылтуу боюнча мыкты насыя адистерин сыйлады

27 июля 2021, 09:41

2021-жылдын июнь айынын башында Европалык реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы тарабынан иштелип чыккан жана Европа бирлигинин кайрымдуулук гранттары менен колдоого алынган KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасы өнөктөш банктардын насыя адистеринин арасындагы улуттук сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Эки категория боюнча алдыңкы ондук - KyrSEFF турак жай жана бизнес долбоорлору энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды жайылтууга кошкон салымы үчүн сыйланды. Ошондой эле, 20 насыя кызматкерге кызыктыруучу сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.